ЖАЛАЛАБАТ : ЧЕК АРА ТАКТАЛМАЙЫН, ЧЫР-ЧАТАКТАР БОЛО БЕРЕТ

  • Ырысбай Абдыраимов
Кыргыз-өзбек чек арасында жаңжалдар тез-тез кайталанууда. Мындай кокустук апта ортосунда кыргыз чек арачылары менен Өзбекстандын Наманган облусунун жарандарынын ортосунда болду.Облус бийлиги чек ара чырларынын көп болуп жаткандыгын белгилөө менен анын себебин карапайым жарандардын мурда эки мамлекетке бөлүнбөй, бир өлкөдө жашагандыгы менен түшүндүрдү. Адам укугун коргоочулардын пикиринде чек аранын такталбагандыгы жана жарандардын мыйзам билбегендиги жаңжалдарга себеп болууда.
Апта ортосунда коңшу өлкөнүн Янгикурган районундагы Көкяр айлынын 10-12 тургуну Алабука районундагы Актам айыл өкмөтүнө караштуу жерде бодо мал, кой-эчкилерин багып жүрүшкөн. Кыргыз чек арачылары аларга мал-койлорун өз өлкөсүнө айдап кетүүнү өтүнүшкөн. Өзбек жарандары дайыма ушул жерде мал багышаарын айтышып, чек арачыларды согуп, таш баранга алышкан. Натыйжада жоокерлердин бири эскертүү иретинде асманга эки ирет ок чыгарууга аргасыз болгон. Ошондо гана Өзбекстандыктар качып кетишкен. Бул тууралу “Эл аралык толеранттуулук” корунун Аксы районундагы өкүлү Абдраим Акматбеков менен райондогу “Адам жана укук” уюмунун төрагасы Нуркул Стамов билдирди. Бирок, окуяны коңшу мамлекеттердин мамилесине, саясатына таасир эте турган окуя катары караган болбойт,- деп эсептейт облустук бийликтин укук коргоо бөлүмүнүн башчысы Кадырбек Бечелов. Анын айтымында жыл башынан бери мындай чек ара кокустуктары бир нече жолу кайталанды:

- Малын айдап чыгышат. Анан биздин чек арачылар малыңарды айдап кеткиле дейт. Анан ортодон келип чыккан кичинекей чатак,- дейт Кадырбек Бечелов.

Облустун чек ара аймактарында Өзбекстандыктардын мал жайып, Кыргызстанга ээн-эркин келип кетүүсү адатка айланып калган. Эки өлкө мурда Совет биримдигинде жашагандыктан карапайым калк чек ара мыйзамдарына маани бербей жатат:

- Мына ушул чек ара мыйзамына эл көнбөй жатат. Күнүмдүк оокат тирилигин кылып жатат. Илгерки мал жайган жерине малын жайып жатат. Илгерки арыгын чаап келген жерге барып сууну буруп келип жатышат. Арыкты буруп келген жерге чейин чек ара бар да. Ушуга көнө албай жатышат. Мына ушунун негизинде өткөндөрдү чек арачылар токтотот,- дейт Кадырбек Бечелов.

Чек ара кокустугу өткөн айда “Сакалды" чек ара бекетинде да болгон. Анда облус аймагына 2 кишини өткөрбөй койгону үчүн Өзбекстандан алтымышка жакын адам топтолуп келип, кыргыз чек арачыларын таш бараңга алганда, бир жоокер башынан жарадар болгон, чек ара бекети талкаланган. Чек ара аймактарында мыйзам бузуулар өтө көп. Чектеш жайларда жаңжалдарды болтурбоо үчүн чек ара тилкелерин тактоо ишин тездетүү зарыл деген көз карашын айтты, адам укугун коргоочу Өткүр Жаббаров:

- Качантан бери ушундай болуп жатат. Акча бөлүнүп жаткан болуш керек бюджеттен. Андыктан, барып тактап коюш керек, - деди Өткүр Жаббаров.

Анын пикиринде чек араны билбей, мал-кой жайганы үчүн жарандар айыптуу эмес. Аларга чек ара мыйзамдарын түшүндүргөн эч ким жок. Чек араларды тактап, белги коюлбаса, чыр-чатактар күчөп олтуруп, чоң кырсыкка айланып кетүүсү ыктамал, дейт адам укугун коргоочу:

- Адамдар өтүп жаткан жерин билбейт да. Алар гезит окушпайт, телевизор көрүшпөйт. Ага шарты жетишпейт. Андыктан бир нерсе кылып жеткириш керек да. Белги койбосок андай кырсыктар боло берет,- дейт Өткүр Жаббаров.