Бул тууралуу кечээ Мадриддеги жолугушуудан кийин Евросоюздун өкүлү Хавьер Солана билдирди. Бул жерде ал Ирандын жогорку даражалуу өкүлү Али Ларижани менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. АКШ Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясынын кыйшаюусуз аткарылышы гана Иранды жаңы санкциялардан сактап каларын эскертти. Резолюцияда Тегеранга уран байытуу ишин толук токтотуу талабы коюлган.