РОССИЯ БАТЫШ МЕНЕН БАСТАША АЛБАЙТ

Россиянын жакында стратегиялык жана тактикалык ракеталарын сынактан өткөргөнү, АКШнын Борбор Европага ракетадан коргонуу системасынын элементтерин жайгаштырууну пландап жатканы жарыша куралдануунун жаңы түрмөгү тууралуу кооптонууларды күчөттү. Москва жөнөкөй куралдар боюнча европалык келишимден чыгарын да айткан эле. Муну кечээ орус президенти кайрадан бышыктады.
Вашингтон менен Москванын соңку кездери кыйгылданып бараткан мамилелери жаңы “кансыз согуш” тууралуу какаар кеп-сөздөрдү чыгарып,мунун арты кезектеги жарыша куралданууга айланбагыдай эле деген чочулоолорду күчөттү. Мунун чындыгы барбы?

“Жок, мындай кооптонууларда ырасында эле эч кандай жүйөө жок, - дейт стратегиялык куралдар системасы боюнча лондондук таанымал эксперттердин бири Дункан Леннокс. - Бу болгону Россия менен АКШ ортосундагы көп жылдан бери боло жүргөн процесстердин гана уландысы”.

Бул көз карашка көптөгөн башка эксперттер да кошулат. Алардын бири – москвалык аскерий аналитик Павел Фельгенгауер. ”Азыркы Россия мурдагы Советтер Союзунан алда канча чакан.Баштагы Варшава келишими жок.Андыктан калкы жагынан сегиз эсе,экономикасы боюнча жүз эсе артыкчылык кылган Батыш менен бу чөйрөдө басташканга Россия алсыздык кылат”, - дейт ал.

Москва 2015-жылга чейин баллистикалык жаңы жүз ракетаны күжүрмөн абалга коюуну пландаштырууда. Бирок төрт жүздөй эски ракета аскери арсеналдан алынат. ”Россиянын бул пландары жарыша куралданууну билдирбейт.Россияда куралсыздануу уланууда, биз жаңы курал жасаганга караганда, көбүн жоготуп жатабыз”, - дейт Фельгенгауер.

Москвалык экинчи бир аскери аналитик Александр Гольтц Россиянын ядролук арсеналы абдан эскиргенин, Путин АКШ менен атаандашууну эмес,ядролук теңдемди кармаганга умтулуп жатканын белгиледи. Гольтц Россиянын жарыша куралдануунун жаңы түрмөгүнө жарарына ишенбейт.

Ракеталык жаңы сынактар АКШнын Европадагы пландарына жооп иретинде жасалганын ырастап,президент Путин кечээ: “Жарыша куралдануунун жаңы түрмөгүнө биз демилгечи эмеспиз,Россиянын бул аракеттеринен коркуунун кереги жок,бул аракеттер жалпы тынчтыктын жана коопсуздуктун эң маанилүү элементи- дүйнөдөгү теңдемди сактап калууга багытталган”,- деп айтты.

АКШнын НАТОдогу элчиси Виктория Нуланд жарыша куралдануунун жаңы этабын америкалыктар баштап жатат деген ырастаманы четке какты. Путин менен Буштун тушунда эки тарап стратегиялык куралдардын тарыхтагы эң ири өлчөмүн кыскартууга жетишкенин эске салып,элчи бу эки лидер бийликте турганда алардын мурасы сакталарына ишенич билдирди.

Байкоочулар Путин менен Буш эмдиги аптада Германияда,андан соң келерки айдын башталышында АКШда жолугушуп,бул маселени жөнгө салганга мүмкүндүк табышат дешет. Москванын азыркы аскери апаздарын болсо Гольтц Кремлдеги чиновниктердин президенттик жана праламенттик шайлоо алдында кызый баштаган саясий бүйүрүнүн бир бүркүндүсүнө тогорот.

“Алар Россия бул тармакта дале болсо АКШ менен таймашканга жарайт дегендей пикир түзгүсү келишет. Бирок мындай мүмкүнчүлүктүн өзүнө эч ким ишенбейт. Мунун баары коомчулукка арналган пропагандадан башка эчтеме эмес”, - дейт Гольтц.