12:21 КМШ өлкөлөрүнүн көз каранды эмес эксперттери ИИМди убара кылды

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармасынын түштүк аймагы боюнча үч кызматкери казино, ресторан, түнкү клубдарга салык салып, ай сайын ар бири сегиз миң АКШ долларынан акча таап мыйзамсыз туйтунуп жатканы жөнүндө президентке арыз кат келген. Мындай арыз бир эле учурда премьер-министрге, башкы прокурорго, ички иштер министрине, Ош областынын прокуроруна, «Дело №» гезитине да келип түшкөн. Кат КМШ өлкөлөрүнүн көз каранды эмес эксперттеринин координатору Светлана Вербиковадан келген. Ички иштер министринин буйругу менен ИИМдин коопсуздук кызматы арыз кат боюнча текшерүү-иликтөө иштерин жүргүзүп баштаган. Бирок, текшерүү Бишкекте «КМШ өлкөлөрүнүн көз каранды эмес эксперттери» деп аталган уюм дегеле иштебей тургандыгын, ал эч качан каттоодон өтпөгөңдүгүн көрсөттү. Бирок, ошого карабастан Түштүктөгү алкымы чоң милиция кызматкерлери жөнүндө сигнал боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул маалыматты бүгүн ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. (KCh)