Аны отун-энергетика жана суу ресурстары боюнча комитети уюштурууда. Анда негизинен «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө макамы тууралуу» мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланмакчы. Камбарата ГЭСтеринен өзгөчө макамды алып салууга байланышкан бул долбоор кабыл алынса аталган ГЭСтерди куруу максатында Орусия, Казакстан жана Кыргызстан ортосунда биргелешкен ишкана түзүүгө жол ачылмакчы.(SM)