14:20 Барскоондуктар кун акынын калганын качан алат?

“Центерра голд инк.” менен “Кумтөр опрейтинг компани” Жети-Өгүз районундагы тургундарга берилүүчү кун акынын акыркы төртүнчү траншын төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу вице-спикер Кубанычбек Исабековдун кеңсээсинде болгон кеңешмеде Кумтөрдүн вице-президенти Андрей Сазанов билдирди. Анын айтымында, кун акыны бербей кечиктирүүгө Жогорку Кеңеште Кумтөр кенин улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорунун биринчи окуудан өткөнү себеп болгон. (AJ)