АКШ ирактык дагы 59 качкынды кабыл алууга даяр

АКШнын ички коопсуздук боюнча министрлигинин маалыматына караганда, ушул жылдын 1-октябрына чейин өлкө 7 миң качкынды кабыл ала алат. Учурда 700 ирактыктын арызы каралууда. Буштун админстрациясы буга дейре 2003-жылдан бери болгону 466 ирактык качкын кабыл алынганы үчүн Конгресс тарабынан сындалып келген.