Соңку учурларда коомчулукта кеңири талкууланып жаткан АКШнын аскер базасы тууралу маселе жалалабаттыктарды да кайдигер калтырган жок. Айрым адамдар америкалык жана орус аскер базаларын чыгарып кетүү ойлорун айтса, көпчүлүк өлкөнүн көз карандысыздыгын бекемдөөгө жана терроизмге каршы күрөшүүдө бул базанын керектигин жана андан түшкөн каражаттар тууралу элге туура маалымат берилишин белгилешет.
Облуста америкалык аскер базасын чыгаруу жөнүндөгү коммунисттер менен базада октон каза тапкан кишинин үй-бүлөсүнүн демилгесин жактагандар жок эмес. Сузак районунун тургуну Абдрахман Жолчиевдин пикири боюнча өлкөдөн америкалык база менен бирге эле Канттагы орус аскерлери да чыгарылышы керек. Анын көз карашында террорчулукту мамлекет өзү жаратат, саясий акциялар маалында элди алагды кылуу үчүн терроризм менен күрөшүү операциялары ойлоп табылат:
- Америкалыктар, орустар базаларын алып кетсин. Мамлекеттин ички саясатында элдер оңго-солго сөздөр айтылып атканда, бирөөнү өлтүрүп, элдин пикирин бөлөт.
Аскер базаларын өлкөдөн чыгаруу маселеси келишимге ылайык жогору бийлик тарабынан чечилет. Конституциялык укугунан пайдалануу менен өлкө жарандары аскер базаларды чыгаруу-чыгарбоо жөнүндө ой-пикирлерин билдирүүгө акылуу.
Облбийликтин укук коргоо бөлүмүнүн башчысы Кадыр Бечеловдун ушундай оюнда АКШнын аскер базасынан алынчу ижара акы Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө деп айтуу кыйын. Дүйнөлүк терроризмге каршы күрөшүүдө аскер базанын өтөгөн кызматы бараандуу:
- Бул дүйнөлүк терроризмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн атайын иш-аракет. Ал эми Ганси базасы чыгып кетсин деп көтөргөн кээ бир топтор ал өздөрүнүн граждандык укуктары. Мамлекет өзүнүн экономикасын өзү көтөрмөйүнчө башка жактан келген каражаттардын бардыгы бул бейпайда.
Зулпукар Кадыркуловдун пикиринде айрым өлкөлөр чет элдик аскер базаларын жайгаштыруу жана инвестиция алуу аркылуу өнүгүп кеткен. Америкалык аскер базанын Кыргызстандын көз карандысыздыгы жана мүмкүн болчу аскердик коркунучтардан сактоодогу ордун жокко чыгарууга болбойт. АКШнын авиабазасын чыгаруу маселесин көтөргөндөр – өлкөнүн Орусия менен Кытайдын жана Өзбекстандын таламын талашкандар. Аскер базаны чыгарбай, америкалыктар “Манас” аба бекетин пайдалангандыгы тууралу келишимди кайра караштырып, андан түшкөн ижара акылар жана ал каражаттар кайда иштетилгендиги тууралу элге толук маалымдалышы керек.
- Кичинекей авиабаза 50 миллион доллар берип, президент ачык эле айтыш керек, урматтуу депутаттар мына 50 млн. долларды же карызга төлөйлүбү, же Кыргызстандын бюджетине киргизелиби деп.