ТАЛАСТАГЫ ОКУЯ ЖАРАНДЫК КООМДУ ТЫНЧСЫЗДАНДЫРУУДА

Бир катар укук коргоочулар Таласта камакка алынгандарды токтоосуз бошотууну талап кылышууда. Буга байланышкан кайрылууну бүгүн алар президентке жана Жогорку Кеңешке жолдошту. Учурда Талас облустук ички иштер кызматынын убактылуу кармоочу жайында 10 киши камакта отурат. Аларга премьер-министр Алмаз Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрүн таш бараңга алууга катышкан деген кине коюлууда.
Камакка алынгандардын арасында жарандык коомдун өкүлдөрү Улугбек Осмонов, Арзыкан Момунтаева бар. Дагы бир жарандык лидер Лира Тантабаева тил кат берип, үйүнөн чыкпай отурат. Алардын таламын талашкан укук коргоочулар жарандык лидерлердин окуяда ортомчулук кылгандан башка айыбы жок деп эсептешүүдө. Алардын көз карашында, дегеле Жерүй алтын кенине байланыштуу Таласта курчуп бараткан жагдайды бийлик күч колдонуу аркылуу баса албайт. «Эл аралык толеранттуулук үчүн» бейөкмөт уюмунун лидери Рая Кадырова, маселен, нааразылык акциялары учурунда мыйзамды бузгандарды эч качан колдобойт, бирок бийликтин күч колдонушу да элди тынчытарына ишенбейт:

- Таш ыргытуу туура эмес, таш ыргыткандар жооп бериши керек. Муну ар бирибиз билишибиз керек. Бирок, бул жерде башка өңүтү бар. Эмне үчүн бийлик элди ушундай акыбалга чейин жеткирет? Керек болсо премьер-министр, бийликтеги экинчи кишиге сый-урмат жок? Бийлик ушуну ойлошу керек. Кудай эле калды кыргыздарда таш менен урбай турган.

Рая Кадырованын көз карашында, бийлик проблеманын себептерин таап, чара көрмөйүнчө жарандар ар кандай чектен чыккан акцияларды уланта беришет.
Укук коргоочулар проблеманы чечүү үчүн күч колдонуунун ордуна көп жылдык тажрыйбасы бар укук коргоочулар, кесипкөй адамдар, бейформал лидерлер менен улуттук деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү, кризисти чечүүнүн жолдорун издеши керек дешет.

«Интербилим» борборунун башчысы Асия Сасыкбаеванын пикиринде, «Жерүй» алтын кенине байланышкан баш-аягы жок макулдашуулардын кайра-кайра түзүлүп бүтпөй жатышы бийликтин жөндөмсүздүгүн көрсөтүп жатат. Ал эми «Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар» ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева кенди иштетпөөнү талап кылган элдин тынчсыздануусун толук бөлүшүп жатат. Укук коргоочу өлкөдө бир да алтын кени жергиликтүү элге пайда алып келген жери жок, тескерисинче, Кыргызстан бара-бара уу заттарды сактоочу жайга айланып баратат деп чочулайт.

«Консенсус-7» бейөкмөт уюмунун лидери Сүлөсүн Тотонова бул проблемалардын канчалык олуттуу экенин эл өзү эле жакшы түшүнүп турат дейт:

- Азыр элди өкмөттүк эмес уюмдар уюштуруп жатат деп атышат. Мен буга каршымын. Анткени, ар бир эл күн өткөн сайын, доор алмашкан сайын ар бир элдин аң-сезими өзгөрүлүп атат. Өкмөткө ишенчилик жок экенин көрүп атат.

Укук коргоочулар бийликтин жарандык коом лидерлерин айыпталып жатышын сынга алышты. Жарандык лидерлердин бири Жыргалбек Турдукожоев муну бийликти элге каршы террор жасап жатат деп айыптады:

- Мен Таласта болгон окуяны өз элине каршы террор жараянынын башталышы катары санайм.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов мыйзамды сыйлоону калыбына келтирмейинче, Таластагыдай анархиялык көрүнүштөргө чек коюу мүмкүн эмес дейт:

- Чара көргүлө деп буга чейин кайрылып келгенбиз биз бийликке, мисалы, 24-марттан кийин жер басып алуу боюнча, Мотуевдин окуялары боюнча, Рысбек Акматбаевдин окуялары боюнча. Бийлик өзүн жакшы көрсөтөм деп атып элди ушуга алып барды. Кадимкидей бийликке болобу, мыйзамга болобу, сый-урмат калбай калды. Бул, албетте, бизди терең тынчсыздандырат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, «Жерүй» алтын кенин иштетүүгө каршы чыккан акциянын катышуучулары 26-майда ыргыткан таштардан милициянын үч кызматкери жабыр тартып, премьер министрдин күзөтүнө таандык эки, облус губернаторуна таандык бир, облустук соцфондго таандык бир, облустук автоинспекцияга таандык бир автоунаа кабырылган. Ушул негиздерге ылайык облустук ички иштер башкармалыгы 27-майда кылмыш ишин козгоп, он адамды камакка алган.

Аталган укук коргоочулар президентке жана Жогорку Кеңешке жолдогон кайрылуусунда камалгандарды бошотуп, жарандык лидерлерге кысымды токтотууну, «Жерүй» кени боюнча акрыкы чечимди атайын комиссиянын иликтөөсүнөн кийин кабыл алууну, Талас облусунун киришелерине салыштырмалуу анализ жүргүзүүнү, проблеманы сүйлөшүү жолу аркылуу чечүүнү сунуш кылышты.