Ысыккөлдүн Түп айлындагы аталган балдар үйүндөгү мүмкүнчүлүгү чектелген жеткинчектер бул сүрөттөрдү Каракол шаарында ыктыярчылар уюштурган кайрымдуулук иш-чара учурунда тартышкан. Бир сүрөттүн башталгыч баасы жүз сом. Улуттар уюмунун жаштар программасынын ыктыярчылары билдирген маалымат боюнча, сатуудан түшкөн каражат майып балдар үйүнө керектүү буюм-тайымдарды сатып алууга жумшалмакчы. (EBM)