«Кыргызстандын кең келечеги үчүн!» Бириккен фронт өз ишмердигине тактикалык өзгөртүү киргизип жатат. Кыймылдын 2-июнга белгиленген экинчи элдик жыйынында талкуулана турган башкы маселелердин бири мына ушул болот. Келерки элдик жыйын ошондой эле биринчи элдик жыйын бийликке койгон талаптардын аткарылышын талкуулайт.
Байтик айылында 5-майда өткөн биринчи элдик жыйын бийликтен Конституциялык реформадан тышкары, 19-апрелден кийинки куугунтуктоолорду токтотууну талап кылган. Кыймылдын лидерлеринин бири Эмил Алиевдин айтымында, куугунтуктоолор уланууда, бийлик биринчи жыйын койгон талаптардын, ар кандай кайрылуулардын бирине да көңүл бурган жери жок. Анын айынан 19-апрель окуясына байланыштуу жабыркагандар тууралуу так маалымат алуу мүмкүнчүлүгү чектелип калды:
- Камалгандар бар. Сандарын так билбейбиз. Он чактыдан ашык киши УКМКнын камагында отурат. Дагы башка себептер менен кайсы жерде жаткандарын алар чыккандан кийин гана айтып берип атышат. Себеби биз ага чейин кабарлаша албайбыз да.
Анткен менен, оппозициялык кыймыл ишмердүүлүгүн уланта берет, бирок, тактикалык өзгөртүү киргизгени жатат. Маселен, президент Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү талабы апрель митингдеринин тушундагыдай күн тартибине курч турбашы мүмкүн. «Бакиевдин отставкасы» дагы эле актуалдуу болуп атат. Бирок, биз тактиканы өзгөртүп туруп, башка кадамдарды жасайлы деп, элдик жыйынга салып, делегаттардын чечиминин негизинде иштейбиз.
Фронттун мүчөсү Жылдыз Муслимованын айтымында, коомдо өзгөрүү зарыл экендигин эл өзу каалап жатат. Буга лидерлер апрель окуясынан кийин уюштурулган он күндүк «Демократия сабактарынын» учурунда бекем ынанды дейт.
Фронтчулардын башкы лидери, экс-премьер-министр Феликс Кулов учурда кыймылдын ишмердүүлүгүнө көз салып жатат. Экс-министр Өмүрбек Субаналиев 19-апрель окуясы боюнча Коопсуздук кызматынын көзөмөлүндө болууда. Алар менен үзөңгүлөш жүрүп, президент Бакиевдин кызматтан кетишин баарынан көп талап кылган саясатчы Мелис Эшимканов Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси болуп кетери айтылууда. Депутаттын өзүнүн кыйытканына караганда, ал оппозициядан эле эмес, чоң саясаттан да кетүү ою бар:
- Мага, албетте, чечим кабыл алыш оор. Бирок, негизи терең аң-сезимимде мен бул жөнүндө көптөн бери ойлонуп жүргөм. Мага өткөн жылы эле Жапонияны, Бириккен Улуттар Уюмун (Нью-Йоркту) сунуш кылышкан… Мен ойлонуп, атам, балким менин ордум чоң саясатта эместир.
Мына ушундай жагдайларды эске алган фронтчулар лидерлик курамда жакын аралыкта бирин-экин адам алмашышы мүмкүн деп билдиришти. Элдик жыйында Кыргызстан менен Орусия баштаган жамаатташ мамлекеттердин кайрадан «Союз» түзүү демилгесине да өзгөчө маани берилчүдөй. Бул демилге биринчи жыйында көтөрүлүп, анда өтө кылдаттыкты талап кылган, бирок, ишке ашса Кыргызстандын өнүгүшүнө пайда берер демилге экендиги айтылган.
Кыймылдын мүчөсү Бөдөш Мамырованын айтымында, талкууга түшчү башкы маселелердин бири болот:
- Бул карапайым элдин ою болуп атат. Биз ушул нерсени экинчи жыйында көтөрүлөт деп күтүп атабыз. Элдин чечиминен чыга албайбыз. Бирок, фронттун жетекчилиги тарабынан кеңири талкуулана элек. Элдин ою боюнча калып атат. Бул көтөрүлүшү толук мүмкүн.
Бириккен фронт мындан аркы ишмердүүлүгүнүн катарында нааразылык акцияларына байланышкан маселени да элдик жыйындын кароосуна калтырууда. Апрель митингдеринде өнөктөш болгон «Реформа үчүн!» кыймылына мүчө саясатчылар болсо 14-19-апрель окуяларынан кийин Бириккен фронттон өздөрүн обочо кармоого далалаттанууда. Муну байкоочулар Байтиктеги элдик жыйынга барбай коюушу менен негиздешкен. Биринчи жыйынга өңчөй караламан элди чакырдык деген фронтчулар «реформачыларды» өздөрү менен пикирдеш катары карап жатышат. Ошондуктан, 2-июндагы экинчи элдик жыйынга "реформачыл" саясатчылар менен жарандык лидерлерди кошо чакырууда. Бишкектеги спорт сарайында өтөрү болжолдонгон жыйынга миңден ашык киши катышаары айтылууда. Кокус тоскоолдуктар болуп калса, жолугушуу имараттын сыртында өтөт.