10:05 К.Исабеков: Ысыккөл туристтерди тосууга даяр эмес

Ысыккөлдүн жээгиндеги жер участокторун атайын дайындалган адамдар аркылуу чет өлкөлүктөргө сатууну токтотууну, депутат Алишер Сабиров өкмөттүн өкүлүнө эскертти. Ал эми вице-спикер Кубанычбек Исабеков туристтик сезонго Ысыккөл облусу алигиче даяр эмес экендигин билдирди. Анын айтымында, Көл жээгинде 11 пансионатта атайын тазалагыч курулган эмес, автожол толук ремонттоло элек, туризм боюнча улуттук концепция кабыл алынбай, алигиче облустун архитектуралык генералдык планы жок. (AJ)