«АГЫМДЫ» ЖАҢЫ КОЖОЮНУ ОППОЗИЦИЯЛЫК НУКТА КАРМАЙТ

«Агым» гезитин ишкер Бегалы Наркозиев сатып алганы жөнүндө коомчулукка белгилүү болду. Оппозициянын таламын талашып келген гезиттин жаңы кожоюну «Азаттыкка» маек куруп, гезиттин келечеги тууралуу өзүнүн ой-пландары менен бөлүштү.
- Бегалы мырза, эмне себептен жана кандай максат менен «Агым» гезитин сатып алдыңыз?

-Мелис Эшимканов гезитин сата турган болуп калганда ага беш-алты сунуш түшкөн экен депутаттардан, чоң саясатчылардан. Байкап турсак ал саясатчыларга, депутаттарга өтсө, ал өз максатына иштете тургандай. Ары ойлоп, бери ойлоп мен өз сунушумду айттым. Мүмкүн ал Эшимкановго ал материалдык жагынан өтө пайда болбосо дагы өзүнүн бир пикирлешине өткөрөйүн деген максаттабы, бир топ ойлонуп туруп менин сунушума макул болду. Негизги максат-гезитти сактап калуу. Өзүңөр билесиңер «Агым» гезити кыргыз тилинде чыккан эң популярдуу, эң көп тираждуу гезит. Ал гезит мага абдан жагат. Кызматташып жүрөм. Мен журналист экенимди билгендер бар, билбегендер бар. «Азаттык» радиосунда иштеген көп журналисттер менен чогуу окуганмын. Бул гезитти алганымдын дагы бир себеби аны бизнес деңгээлине көтөрөйүн деген планым бар.

- Гезит сизге жагат деп жатасыз. Анын багыттары кандай болот. Гезиттин кайсы тарабы жакчу, кайсынысы жакчу эмес?

- Мага жакканы ачуу-чындыкты бетке айтканы. Кызматына, бийлигине карабай дайыма бетке чабар мүнөзү бар. Ал жердеги иштеген журналисттердин деңгээли жагат. Биздин Кыргызстандагы өзүнүн жүзү бар чоң атка татый турган бирден-бир гезит-бул «Агым» гезитин эсептейм. Кээде аша чапкан учурлар болуп кетет. Мен кожоюн болчу эмесмин анда. Ал жөнүндө айта албаймын. Мен өзүм эми кожоюн болгондон кийин эми андан аркысына мен өзүм жооп берем. Айта турган нерсе мен мындан кийин «Азаттык» радиосунун материалдарын берүү формасын алууга көбүрөөк үгүттөйүн деп турам. Эки тараптуу кылып бергенге. Бир жакты эле бере бербей эки тараптын чындыгын кошо ала кетүүсүн.

- Сөзүңүзгө аралжы, «Агым» гезити мындан ары кайсы багытта өнүгөт. Кайсы багыттарды туу тутат?

- Оппозициялык багытта өнүгөт. Ушул гезит ошол багытты сактап калуусу бар. Окурмандарыбызды, өзүбүздү жактоочуларбызды сактап калгысы бар. Түштүк-түндүк маселеси бул жерде көтөрүлбөйт бул биринчиден. Бир элди экиге бөлгөн. Экинчиден, түштүкчүл болот деген божомолдорго аргумент менин досторумдун көбү эле түндүктүн балдары бөлүнүүгө, трайбализмге жол бербеймин. Буга катуу күрөшөбүз. Андан башка дагы чоң пландарыбыз бар. Бул гезит жумасына эки жолу чыкса, биз муну күн сайын чыгара турган жалпы улуттук гезитке айланталы деп жатабыз. Биринчиден, анын чыгармачылык жамаатын күчтөндүрөбүз. Экинчиден, өзүнүн типографиясын алып келип ачалы деп турабыз көз каранды болбош үчүн. Типографиялык чыгымдарды азайтыш үчүн. Үчүнчүсү, бул жеткирүү маселеси. Ар түрдүү жолдор менен Кыргызстандын ар бир булуң-бурчуна, ар бир үйгө жеткидей системаны ойлоп жатабыз. Айыл жерлерине арзаныраак баада жеткирүүгө аракет кылабыз. Аларга кеткен чыгымдарды башка жарнама жолдору менен жабуунун айла-амалдарын ойлонуштуруп жатабыз. Ойлоп жургөн бир планым бар. Шаар тургундарына орус вариантын ачуу жагы. Себеби «Агым» гезити популярдуу гезит. Шаардагы орус тилдүү бир туугандарыбыз окуй албай, анын деңгээлин билбей жүрүшөт.

- Гезит Сиз үчүн канчага турду. Бул эми коммерциялык сыр катары сакташыңыз мүмкүн. Бирок, гезитти рекламалык бизнеске көбүрөөк тартуу жөнүндө айтуу боюнча айтып жатасыз. Чет өлкөлүк гезиттердин үлгүсүн колдонууга аракет кыласызбы?

- Ооба, бул багытта атайын өзүбуздун пландарыбыз бар. Муну азыр ачык айтпай туралы. Сатып алган баабызды да айтпай эле коёлу. Кээ бир журналисттер сурагандай ал миллион доллар эмес. Сом менен эле алынган гезит. Болгон үмүтүбүз жарнама багыты. Жарнаманы биз азыркы гезиттердей болуп күтуп отурбай, жарнама берүүчүлөргө биз өзүбуз чыгабыз.

- Өзүңүз жөнүндө кыскача айта кетсеңиз?

- Өзүм Аксынын кулуну болом. Кесибим журналист. Бирок, көп жылдар бою авиа бизнес тармагында эмгектенип келе жатам. Кыргызфильминде он жылдай иштеп кеттим. Кино менин хоббим. Кинотасмага дагы кайрылабыз деген пландарбыз бар. Кырк алты жаштамын.




Аңгемелешкен Кабыл Макешов, Бишкек