17:44 Жалалабат облусунда жумушсуздардын саны өсүп жатат

Облустагы калкты жумуш менен камсыз кылуу жана миграция кызматтарына биринчи токсон күндүктө кайрылгандардын 3259 иш таап берүүнү өтүнгөн. Алардын 965 жумуш орундарына жайгаштырылды. Бирок облуста жумушсуздуктун деңгээли өсүү үстүндө. Расмий түрдө 22028 киши жумушсуз деп таанылган. Бул көрсөткүч облустагы экономикалык активдүү калктын 5,9 пайызын түзөт. Мындай маалымат 25-майда облустук бийликтен алынды. Коомчулуктун пикири боюнча Орусия, Казакстан өлкөлөрүнө иш издеп бараткан жаштардын агымы тыйыла элек. Эмгек миграциясына өнөр жай ишканалары элдир-селдир иштеген Көкжаңгак, Ташкөмүр жана Майлуусуу шаарлары менен Аксы, Токтогул, Сузак, Базаркоргон, Тогузторо өңдүү тоолуу райондордун жери аз жана турмушу начар жарандары тартылууда. (YA)