Жогорку Кеңеш энергетика тармагын менчиктештирүү боюнча үч баскычтан турган өкмөттүн программасын канааттандырарлык эмес деп таап, атайын токтом кабыл алды. Токтомдо ошондой эле Башкы прокуратурага энергетика тармагын талап-тоноого жол берген адамдардын үстүнөн кылмыш ишин козгоп, күзгө чейин Жогорку Кеңешке маалымат бериши керектиги тапшырылды. Айрым депутаттар Баш мыйзамга ылайык өкмөттүн ишин парламент канааттандырарлык эмес деп тапкан учурда, тиешелүү мекеменин жетекчиси кызматтан кетиши керектигин айтышты. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев да тапшырма абдан начар аткарылгандыгын мойнуна алды.
Бир катар депутаттар энергетика тармагын менчиктештирүү боюнча үч баскычтан турган өкмөттүн программасы канаатандырарлык эмес деп табылса, бул багытта иш алып барган Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин жетекчиси Алмаз Иманалиев кызматтан кетиши керек деп чыгышты. Бирок, айрым депутаттар өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылып аткандан кийин, бул тармакты тейлеген министрди гана кызматтан алып салуу туура эмес дешет. Анткени, өкмөт коллегиялуу орган жана анын башында өкмөт башчысы отурат. Андыктан мындай маселе көтөрүлө турган болсо премьер-министрге да тиешеси бар болуп калат. Ошентсе да төрага Марат Султановдун ырасташынча, Баш мыйзамга ылайык парламент эки жолу өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп тапса, тиешелүү мекеменин жетекчиси кызматтан кетиши керек. Мындай сунушту биринчилерден болуп Энергетика боюнча комитеттин төрагасы депутат Камчыбек Ташиев көтөрүп чыкты.
Айрым депутаттар ошондой эле энергетика тармагын менчиктештирүү боюнча үч баскычтан турган программаны толук изилдеп чыгып, бул тармакты талап-тоноп, миллиондорду жеп койгон чиновниктерди жоопко тартмайынча, Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтерин курууну баштабай турууга чакырышты. Депутат Өмүрбек Бабановдун пикири да буга үндөш. Анын айтымында бардык маселелерди кылдат иликтеп чыгып, күнөөлүүлөрдү жоопко тарткандан кийин гана жаңы кадамдарды таштоо максатка ылайык.
Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев өзү да энергетика тармагын менчиктештирүү боюнча үч баскычтан турган программа абдан начар аткарылгандыгын мойнуна алып, өкмөттүн иши канааттандырарлык эмес деп табылганы туура болорун ачык айтты. Бирок, өкмөт башчы депутаттарды Камбарата1-2 ГЭСтерин курууга жол ачып берүүгө чакырып, айрым депутаттардын долбоордо көрсөтүлгөндөй Кыргызстанга тиешелүү 36 % акция жетпейт дегендерине кошулбай турганын билдирди:
- Айтып атабыз Кыргызстанды көтөрөбүз деп. Ал үчүн эми бир чоң долбоорду баштап, инвестиция алып келиш керек да. Ошондуктан Камбаратага жолду ачып берсек. Анан 36 % бизге жетпейт, 100 % болушу керек дегендерге кошулбайм. Буга чейин көрбөдүкпү, мына ошол эле энергетика тармагы 100 % мамлекетте турду, эмне пайда көрдүк.
Эгерде парламент Камбарата 1-2 ГЭСтерин курууга жол ачып бере турган болсо, алдын ала сүйлөшүлгөндөй Казакстан 32 % акциясына, Орусия 32 % акциясына ээ болот. Бирок, айрым депутаттар ГЭСти курардан мурда менчиктештирүү маселесин жөнгө салып алуу керек дешет. Анткени, энергетика тармагын талап-тоноого жол берген чиновниктер, ГЭСтерди курууда деле жакшылыктуу иштеши күмөн. Депутат Кубатбек Байболов, мындай иштерди жылдырууда бардык факторлорду эске алуу керек деп эсептейт:
- Маселен, биз менчиктештирүүнү ишке ашырып жатып ойлогонбуз, дүйнөлүк тажрыйба менен ушул менчиктештирүү болсо эле экономика өнүгүп кетет деп. Кана өнүккөнү. Биз муну баягы эле кыргыздар ишке ашырып жатканын унуткан экенбиз да.