Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев долбоорду төрага Марат Султановго бүгүн тапшырды. Долбоорго ылайык электр станция жана башка мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун директорлор кеңешине мүчөлөрдү өкмөт дайындайт. Бул мыйзам аркылуу өкмөт энергетика тармагында тартипти калыбына келтирүүгө аракет кылат, деп белгиледи Атамбаев. (AiT)