9:53 Ирандын башына кара булут айланууда

Буга байланыштуу Манас аба майданындагы АКШнын аскерий базасы Ооганстанда гуманитардык операцияларды аткарууга гана багытталган деген кайрылуу кабыл алышыбыз керек, деп билдирди депутат Карганбек Самаков. Анын айтымында, Иранга кол салуу болсо, анда Тегеран Манас аба майданына да сокку урушу ыктымал. Ошондуктан Иранга кайрылуу кабыл алалы, деп сунуштады Самаков. (AiT)