7:09 Парламентте бүгүн энергетика тармагы боюнча талкуу уланат

Жогорку Кеңеш жума башында Камбарата ГЭСтеринен өзгөчө макамды алып салууга байланышкан мыйзам долбоорун карап баштаган. Эгер бул долбоор кабыл алынса Камбарата ГЭСтерин куруу максатында Орусия, Казакстан жана Кыргызстан ортосунда биргелешкен ишкана түзүүгө, Бишкек ТЭЦинин тагдырын чечүүгө жол ачылмакчы. Буга чейинки талкууларда айрым депутаттар энергетика тармагы өлкөдө коррупциянын очогуна айланып, мамлекет ичиндеги өзүнчө мамлекет болуп калганын белгилешкен.(SM)