ЭЛАРАЛЫК УКУК КОРГОО УЮМУ “КОРКУТУП-ҮРКҮТҮҮ САЯСАТЫН” СЫНДАДЫ

Өкмөттөр жана куралдуу топтор “опузалоо саясатын” адам укуктарын басмырлоо үчүн пайдаланууда. Мындай тыянак Эмнести Интернешнл уюмунун жылдык отчетунда айтылат. Уюм Россиядагы шовинизм, ксенофобиянын өсүшүнө өзгөчө камтама экенин билдирет.
Эларалык укук коргоо уюму коркутуп-үркүтүүлөрдү саясий инструмент катары колдонуу улана берсе, дүйнө кооптуу, бир да укук сакталбаган жерге айланат деп эскертет.

Мындай жагдайдын түзүлүшүнө, эларалык мамилелердин начарлашына “терроризмге каршы уруш” алып келди, деп ырастайт Эмнести Интернешнл.
Уюмдун регионалдык директору Йошуа Рубенштейн Кошмо Штаттарын мурдагыдай адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө лидер деп атоого болбойт дейт:

-Терроризмге каршы согуш жүргүзүүдө АКШ кыйноолорго көз жумду мамиле кылып, Гуантанамо бэйдеги адамдарды сотсуз, күнөө такпастан кармап келатат. Аларга адвокаттары менен жолугушууга да мүмкүнчүлүк берилбейт. Бул дүйнөнүн калган өлкөлөрү үчүн терс үлгү.

Доклад менен кошо жарык көргөн билдирүүдө Эмнести Интернешнлдин баш катчысы Ирен Кан Кошмо Штаттары шектүү адамдарды суракка алуу үчүн аларды башка өлкөлөрдөгү жашыруун абактарга жеткирүү менен “адам укуктарынын бузулушун глобалдаштырууда” деп айыптады.

Документте белгиленгендей, козголоңчу топтор, согушкерлер саясий максаттарына жетүү үчүн карапайым адамдарга каршы терроризмдин тактикаларын колдонуп жүрүшөт.

Былтыр мусулмандар менен мусулмандар эместердин ортосундагы ажырым ого бетер тереңдеди. Анын негизги себеби – Батыштын “дискриминациялык антитеррордук стратегиясы”, - деп ырасталат докладда.

Өкмөттөр рассалык дискриминация, улуттук азчылыктарды кемсинтүү, улуттук жек көрүүчүлүктөн улам жасалган кылмыштарга көңүл кош мамиле кылып, расизм менен ксенофобиянын гүлдөшүнө өбөлгө түзүүдө.

Уюм өзгөчө Россиядагы абалга камтамачылыгын билдирет.

"Президент Владимир Путиндин Кавказдагы, атап атйканда Чеченстандагы жаңжалды пайдаланышы улуттук азчылыктарга, башка түстөгү адамдарга каршы зордук-зомбулук климатынын түзүлүшүнө алып келди. Орус өкмөтү шовинизм, ксенофобия менен күрөшүү үчүн жетиштүү чара көрбөй жатат деп ойлойбуз".

Өзбекстан менен Беларусь адам укуктары одоно тебеленип жаткан өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген.

Өзбекстанда маалымат каражаттарын чектөө, журналисттерди опузалоо өтө күчтүү,- дейт Рубенштейн.

-Өзбек жарандары чет элдик маалымат каражаттары, гезиттери үчүн жаза алышпайт, Өзбекстанда иштөөгө аракеттенген чет өлкөлүк маалымат каражаттары болсо өкмөттү сындабасын деген катуу кысымга туш болууда.

Докладда Россия, Украина, Казакстан жана Кыргызстан бийликтери тыюуу салынган исламчыл партияларынын мүчөлөрү деп шектелгендерди Өзбекстанга күч менен кайтарып жаткандыгы үчүн сындалат.

Документте ошондой эле Иранда жана Ооганстанда адам укуктарынын абалы начарлап кеткени белгиленет.