Бул тууралуу орус маалымат агенттиктери өлкөнүн башкы прокуратурасына таянуу менен кабарлашты. Кечээ британ тергөөчүлөрү орус диссиденти, ФСБнын мурдагы офицери Александр Литвиненконун өлүмү үчүн КГБнын мурдагы кызматкери, азыркы ишкер Андрей Луговойго айып тагууга жетиштүү негиз бар экенин билдиришкен. Президент Владимир Путинди катуу сындап келген Литвиненко былтыр ноябрда Лондондо радиоактивдүү полоний заты менен уулануудан каза тапкан.