Жаныл Жусубжан, Прага 1990-жылдар Чыгыш Европада жана мурдагы советтик жумурияттарда оор мезгил болду. Коммунисттик система кулап, ордуна базар мыйзамдары орногончо, көпчүлүк эл кыйын турмушту башынан өткөрдү. Бүгүн да азып-тозгондордун катары калың экенин Дүйнөлүк жана Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банктары жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында айгине болду.
Адатта мурдагы коммунисттик өлкөлөрдө жүргүзүлгөн сурамжылоолор диаграмма, схемаларга жык толгон, алардын көбү реформалардын жыйынтыгын чыгарганда, экономикалык көрсөткүчтөргө таянышат. Бирок көп учурда карапайым элден "Коммунизм кулагандан берки 15 жылда абалың кантти?" деген жөнөкөй суроону сураганды унутуп калышат.
Дүйнөлүк Банк менен Европалык Кайра куруу жана Өнүктүрүү Банкы тарабынан жаңы жарыяланган биргелешкен изилдөөнүн авторлору так ушул суроого жооп алууга аракеттенишкен, жана алардын табылгасы анчейин көңүл жубатаарлык эмес болуп чыкты.
"Өткөөл Турмуш" деп аталган изилдөөгө 29 өлкөдөн 29 миң киши тартылган. Аларга жашоо-ахвалы жана келечек үмүттөрү тураалуу суроолор берилген.
Сурамжылоонун жыйынтыгы ушул тапта Орусиянын Казан шаарында өтүп жаткан Европалык Банктын жылдык жыйынында жарыяланды. Ага тартылгандардын 30 пайызы гана жашоосу 1989-жылдан өйдө экендигин айтышкан. Ал эми үчтөн экиси коррупциянын деңгээли 1989-жылдагыдан жогору деп билдиришкен.
Азаттыктан Европалык Банктын улук экономисти Эрик Берглофко чыкканыбызда, ал аймакта жылыштар болгону менен, көптөгөн жарандар 1990-жылдары жашоолору астын-үстүн болуп калгандай сезишээри айгине болгондугун мындайча билдирди:
– 90-жылдары орун алган өзгөрүүлөргө кыжаалат күчтүү экенине ынандык. Азыр эми жакшы жагына өзгөрүүлөр болуп жатат. Мисалы көп өлкөлөрдө, кур дегенде, турмуш калыпташып, бир нукка түшүп калды. Бирок бул өтө оор сапар болду, көп кишилер 90-жылдардагы өтө кыйчалыш окуялардан белин майыштырып алгандай сезишет.
Изилдөө буга чейин көпчүлүк билген дагы бир фактыны – пост-коммунисттик коом ичинен терең бөлүнүп-жарылганын да бышыктады. Жаштар менен карылардын, шаардыктар менен айылдыктардын ортосундагы ажырым тереңдеди.
Берглофтун айтымында, баарынан билимдүү жаштардын абалы жакшы, бирок билимдүү жаштар көпчүлүктү түзбөйт. Ушундан улам изилдөөдө "көп адамдар базар мамилелеринин жана демократиянын артыкчылыктарына ынаныша элек" экендиги белгиленет.
Берглофтун ишениминде, бул изилдөө Чыгыш Европадагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү саясатчыларды катуу ойлондурушу керек. Статистика көп өлкөлөрдүн экономикасы өсүп жаткандыгын көрсөтүшү мүмкүн, бирок көп киши капитализмге өтүүдөн каржалып калгандыгына кыжаалат. "Ошондуктан, коррупцияны тизгиндөөгө жана негизги социалдык маселелерди чечүүгө көбүрөөк көңүл буруп, адамдарга келечектен үмүт берүүнүн мааниси зор" деп белгилейт Европалык Банктын өкүлү.
Ошол эле убакта суралгандардын жарымынан ашыгы, же 54 пайызы балдарынын турмушу өзгөрүнүкүнөн бакыбат болот деген ишенимин билдиришкен.