Бүгүн Жогорку Кеңеш "Токтогул каскадындагы ГЭСтердин жана жогорку чыңалуудагы электр линияларынын өзгөчө статусу жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун кароого киришти. Өкмөттүн пикиринде, бул мыйзам кабыл алынса Камбарата1-2 ГЭСтерин курууга жана Бишкек ТЭЦинин тагдырын чечүүгө жол ачылат. Депутаттар мыйзамды талкууну баштап, бирок өз коллегаларынын сунушу менен энергетика тармагын менчиктештирүүнүн жыйынтыгы тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын отчетун угууга өтүп кетишти.
Камбарата ГЭСтерине байланыштуу мыйзам долбоорун коргоого парламентке премьер-министр Алмаз Атамбаев келди. Ал эми өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Игорь Чудинов долбоор тууралуу маалымат берди.
-Камбарата ГЭСтерин куруу үчүн 2 миллиард 200 миң доллар керек. Өзүбүздө мындай мүмкүнчүлүк жок болгондуктан сырттан инвестиция тартышыбыз керек. Бул ГЭСтерди курсак ал жылына 6 миллиард килловат саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгат. Суу саясатында да утукка ээ болобуз,-деди Игорь Чудинов.
Премьер-министр Алмаз Атамбаевдин парламенттеги билдирүүсүнө караганда, Камбарата ГЭСтерин Россия, Казакстан жана Кыргызстан үчөөлөп курууга ниеттенүүдө.
Маселени талкуу учурунда депутаттар Кубатбек Байболов, Муратбек Мукашев бул мыйзам долбоорун караштан мурда энергетика тармагын менчиктештирүүнүн үч этабы боюнча отчетту талап кылды. Депутаттардын мындай талабына байланыштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Алмазбек Иманалиев маалымат берүүгө чыкты. Иманалиенвдин отчетун талкууда айкын болгондой, энергетика тармагын менчиктештиргенге чейин, 1999-жылы жоготуулар 28% болсо, азыркы кезде ал 40% жетип барууда. Жалпысынан Кыргызстан 15 милилард килловат саат электр энергиясын өндүрсө, анын 6 миллиард килловат саатын жоготууда. «Бул деген жыл сайын 3 миллиард 600 миллион сомду жоготуу» деп белгиледи депутат Темир Сариев.
Депутаттар энергетика тармагында коррупция эмес, мафия иш жүргүзүп жатат деп айыпташты. Мындай айыптоолор менен макул болгон өкмөт башчы буларга токтолду:
-Ар бир бөлүштүргүч компаниянын кожоюну бар. «Кошелегу» бар. Ошон үчүн Кыргызстан «жайланып» жатат. Дүйнө жүзүндө уурулукту кантип токтотуу, тартипти кантип орнотуунун жолдору капкачан эле аныкталган. Ошол жолго түшпөсөк «баарынан акылдуу болуп, бирок баарынан кедей бойдон» кала беребиз.
Энергетика тармагын, жалпы эле өкмөттүн ишин тартипке салуу үчүн өкмөттүн ишин өзгөртүүчү мыйзам долбоорун парламентке жакын арада сунуштаарын Алмаз Атамбаев Жогорку Кеңеште ачыктады:
-Ушул жуманын аягында биз мыйзам долбоорун алып келебиз. Аны кабыл алып берсеңиздер, энергетиктер энергетиканы, транспортчулар транспортту башкарат. Азыр болсо биздин өкмөт фиктивдүү гана өкмөт.
Депутаттар мыйзам долбоору боюнча талкууну шейшемби күнү улантышат.