Быйыл мектеп менен 79 миңден ашуун окуучу кош айтышат. Мамлекет аларга 5707 бюджеттик орун бөлүп берди. Бул орундарга адаттагыдай эле бүтүрүүчүлөр жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат. Тестирлөө жараяны 19-майда башталган, ал 26-майга чейин жүрмөкчү. Бул туурасында “Азаттык” менен түз эфирде Билим берүү жана илим министринин орунбасары Жангороз Каныметов маектешти.
- Тестирлөөдө жогорку баа- балл алган окуучулар гана окуу жайларга өтө алышат. Бул жылы окууга өтүш үчүн кем дегенде канча балл алыш керек?
- Азырынча баллдардын саны белгилене элек. Канча балл алганына жараша болот. Ошонун ичинен былтыр айылдык мектептерге өзгөчө көңүл бурганбыз. Жогорку окуу жайлардагы орундардын 65 пайызы айылдык балдарга берилген. Ал эми 19 пайызы шаардан, 15 пайызы облустук жана кичи шаарлардан өткөн. Быйыл балл алганга жараша ушундай жеңилдиктерди беребиз. Быйыл дагы бир жеңилдик киргиздик, бийик тоолуу райондорго мугалимдик жана дарыгерлик кесиптер боюнча жеңилдик болот.
- Бул программага бардык мамлекеттик университеттер катышып жатабы?
- Бул программага быйыл 25 мамлекеттик университет катышат.
- Бул жылкы тестирлөө, анда берилүүчү суроолор былтыркыдан эмнеси менен айырмаланат?
- Былтыркыдан көп айырма деле жок. Жалгыз гана бийик тоолуу райондорго жеңилидик бердик?
- Берилүүчү суроолор тууралуу айтып кетсеңиз?
- Берилүү суроолор бизге белгисиз. Анткени бул бизге көз карандысыз, атайын тестирлөө борбору бар. Алар ЮСАИД менен биргеликте өткөрүшөт. Суроолор көбүнчө ой жүгүртүүгө жана кесиптик багыттар боюнча болот. Ал эми мисалы мектепте окуп аткан программалардын көпчүлүгү буга кирбей калат. Математика, кыргыз тили, орус тил сыяктуу предметтер камтылат. Ал эми бизде физкультура академиясы, башка искусство, консерватория институттарында дизайн предметтер болсо атайын түз кабыл алынат тесттерден сыркары.
- Айрым учурда бүтүрүүчүлөрдүн саны өтө көп болот. Ал эми берилген орундардын саны өзгөрүүсүз бойдон калууда. Мисалы 2002-жылы мектепти 20 миңге жакын бүтүрүүчү аяктаса, аларга 5 миң орун берилген. Быйыл 80 миңге жакын окуучу аяктап атса, аларга да 5 миң берилип атат. Ушул багытта министрлик чараларды көрө алабы?
- Чараларды көрө алат. Бирок биздин жалпы экономикалык, финансылык кыйынчылыкка карата бул орундар бизде өтө аз болуп атат. Чындыгында каалоочулар абдан көп. Биздин бюджетке тапшыруучулар 10 пайыз болсо, калган 90 пайызы контракт аркылуу келип атат. Ошондуктан ортосунда өтө чоң айырмалар бар.
- Быйыл дагы педагогикалык кесиптерге орундар көп берилдиби?
- Педагогикалык кесипке орундардын 70 пайызы берилет. Анткени бул массалык орундар. Ал эми бизде өтө кыйынчылык болуп атканы ошол окууну бүткөндөрдүн мектепке барбай атканы. Мугалимдердин айлгынын аздыгы, шарттардын түзүлбөгөндүгү. Бирок “Жаш мугалимдин депозити” дегенди чыгарганбыз. Ошол эсеп менен биз мугалимдерди айылдарга тарталы деп атабыз.
- Маегиңизге ырахмат.