Ливандын түндүгүндө өкмөттүк аскерлер менен исламчыл согушкерлердин ортосунда кайрадан кармашуулар болду. Кечээ ок атышуу 40 адамдын өмүрүн алып кеткен. Анын аралыгында Бейруттун христиандар жашаган чөлкөмүндөгү жардыруудан 1 аял ажал тапты, бери дегенде 9 киши жарадар болду. Бүгүнкү кармашуу маалында да 9 карапайым киши набыт кетти.