Талкууланып жаткан «Токтогул каскадынын, ГЭСтердин, жогорку чыңалуудагы өткөргүчтөрдүн өзгөчө макамы жөнүндөгү мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору кабыл алынса, Камбарата ГЭСтерин куруу максатында Россия, Казакстан жана Кыргызстан ортосунда биргелешкен ишкана түзүүгө жол ачылмакчы. Бүгүн мыйзам долбоору боюнча парламент энергетика министри Игорь Чудиновдун жана мамлекеттик мүлк боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Алмазбек Иманалиевдин маалыматын угушту. Талкуу эртең уланат. (BuS)