14:09 АКШ өкмөтү маркум Александр Ивановдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Буга байланышкан билдирүүнү бүгүн «Манаста» жайгашкан аба-аскерий базасы таратты. Анда белгиленгенге караганда, АКШ өкмөтү бул кайгылуу окуяда Ивановдун каржылык кыйынчылыкка тушугуп жатканын мойнуна алып, АКШнын коргоо министри каржылык колдоо көрсөттү. Ошондой эле билдирүүдө бул жардам маркумдун үй-бүлөсүндөгү окуяга байланышкан кыйынчылыктарды жеңилдетеринен АКШнын үмүтү бары белгиленген. Түшкө чейин уюштурулган маалымат жыйынында Александр Ивановдун жесири АКШ коргоо министри 50 миң доллар жардам көрсөткөнүн кабарлап, бирок, бул мыйзамда көрсөтүлгөндөн аз экендигин белгилеген. (BuS)