Жаңылыктар Грузияда оппозициялык кыймылдын лидери өлтүрүлдү 21-Май, 2007 «Тил, Мекен жана Ишеним» кыймылынын лидери, парламенттин мурдагы депутаты 67 жаштагы Гурам Шарадзе жекшембинин кечинде Тбилисинин борборунда атып өлтүрүлдү. Полиция бул кылмышка шектүү делген адамды кармап, окуянын чоо-жайын иликтөөдө.