Ооганстанда жанкечтилер кайрадан жардыруу жасады

Ооганстанда жанкечти жасаган соңку жардыруудан кеминде он адам каза таап, 40тайы жараат алды. Окуя өлкөнүн чыгышындагы Гардез шаарында, эл котологон базарда болду. Жергиликтүү полиция жетекчилигинин айтымында, жанкечти Пакистан же Чеченстандан болушу мүмкүн. Ал эми кечээ түндүктөгү Кундуз шаарында жакечтинин ушундай эле жардыруусунан үч немец жоокери жана алты тургун каза тапкан. Ооган президенти Хамид Карзай бүгүн жанкечтилердин чабуулдарын айыптады.