Бишкекте жарандык коомдун лидерлери жарандык коомдордун таасирин күчөтүү, коомдук-саясий жараяндардагы ордун бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Кыргызстанда күчтүү жарандык коом калыптангандыгы тууралуу айрыкча 2005-жылкы март окуясынан кийин көптөгөн кызматташ өлкөлөрдө, эл аралык уюмдарда байма-бай айтылып келатат. Кыргызстандын өзүндө болсо лидерлер саясий партиялар күжүрмөн аракеттене баштаган азыркы шартта жарандык коомдун таасири мурдагыдан алда канча бөксөрүп кеткендигин айтышууда. Мындай көз караштар Бишкекте 19-майда уюштурулган талкуу учурунда да арбын айтылды. «Эл аралык толеранттуулук үчүн» уюмунун лидери Рая Кадырова, маселен, проблеманын төмөнкү себептерин атады:
- Бейөкмөт уюмдар бириге албай жатабыз. Бөлүнүүчүлүк бар. Дымак, тескери маанисиндеги атаандаштык проблеманы бир добуштан айтып, биз менен эсептешүүгө бийликти аргасыз кылууга жол бербей жатат. Бийлик ошону көрүп, пайдаланып жатат.
Мурдагы бийлик сыяктуу эле азыркы бийлик деле жарандык коомду саясатка аралашып жаткандыгы үчүн сынга алып келатат. Бул айрыкча, былтыркы ноябрь, быйылкы апрель митингдери өңдүү массалык акцияларга байланыштырылып жүрөт. Апрель митингинде Конституциялык реформаны талап кылып чыккан Рая Кадырованын айтымында, саясат бейөкмөт уюмдардын табиятына мүнөздүү көрүнүштөрдүн бири, анткени анын мойнунда жарандык аң-сезимди калыптоо милдети бар. Бирок, аны саясатчылардын кызыкчылыктары менен бирдей кароого болбойт:
- Биз саясат менен адам укугун калыптоо үчүн аралашып жүрөбүз. Саясатчылар болсо бийликке жетүү үчүн саясат менен алектенишет. Биз үчүн бийлик эмес, бийлик структураларына кирбей туруп, өз саясатыбызды алдыга жылдыруу маанилүү. Саясий партиялардан биздин негизги айырмабыз ушунда.
Анткен менен форумдун катышуучулары эгемендик жылдары жүргүзүп келген ишмердүүлүк багыттары саясий партиялардын карамагына өтүп, жарандык коом четте калгандыгын белгилешти. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын директорлор кеңешинин мүчөсү Динара Ошуракунованын пикири мындайча:
- Мурда биз саясий партиялардын ордуна иштечүбүз. Алар көбөйүп, саясий процесстерге катышып атышат. Бийлик бизди саясатка киришип атат деп күнөөлөп атат.
Ошондуктан, лидерлер жарандык коомду чыңдоо үчүн эмне кылуу керек деген маселенин айланасында баш оорутушууда:
- Жарандык сектор кайсы жол менен барышы керек. Партиялар мененби же биз аларга оппонент болушубуз керекпи?- дейт жаш саясатчылар форумунун лидери Алишер Мамасалиев.
Лидерлер жарандык коом бийлик, оппозиция менен теңата кызматташуу үчүн мындан ары батыл аракеттерди көрүү зарыл деп эсептеп жатышат. 15-июнда Жарандык коомдун экинчи улуттук форумун өткөрүү демилгеси да ушул максатты көздөйт. Форумдун жыйынтыгы менен лидерлер бийликке үч айда бир ирет жолугушуп, анда коррупция, сот реформасы өңдүү талылуу маселелерди талкуулап туруу өңдүү сунуштарды беришет.
Жарандык коомдун улуттук биринчи форуму 2005-жылы апрелде өтүп, анда март окуясынын сабактарын эске алып, реформаларды кыйшаюусуз ишке ашырууну жаңы бийликке сунуш кылган. Ишемби күнкү талкууда жарандык лидерлер бийлик биринчи форумдун сунуштарын эске алган жок деген тыянакка келишти.