Билим берүү министринин орун басары Жангороз Каниметовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, министрлик бүтүрүү кечелерди мектептен тышкары өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө буйрук даярдап жатат. “Көп ата-энелерде бүтүрүү кечелерди кафе же ресторандарда өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок, ошондуктан аны мектептин базасында өткөрүү туура болот”, дейт Жангороз Каниметов. Министрликтин маалыматына каарганда, быйыл орто мектепти бүтүрүүчүлөрдүн саны 79 миң 912.