15:55 Көл жээгинен мыйзамсыз жер бөлүп берген жетекчилер кызматтан алынуусу мүмкүн

Бул тууралуу президенттик администрациянын бүгүнкү жыйынында айтылды. Президенттик маалымат кызматы кабарлагандай жыйында Ысыккөл облусунда жерлерди сатуу, узак мөөнөткө пайдаланууга жана ижарага берүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу маселе каралды. Аягында облустук архитектура жана курулуш, кыймылсыз мүлктү каттоо агенттигинин бир катар кызматкерлерин кызматтан бошотуу маселесин кароо тиешелүү жетекчилерге тапшырылды. Ошондой эле токой ресурстарын коргоо жана колдонууда көзөмөлдөөдө, айыл чарба жана жайыт жерлерин бөлүштүрүүдө Ысыккөл облустук жана райондук администрациясынын, Каракол жана Балыкчы шаар мэрияларынын иштери канааттандырарлык эмес деген жыйынтык чыгарылды.