ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ПРЕЗИДЕНТИ КЫЗМАТТАН КЕТҮҮДӨ

Нарын АЙЫП, Прага 17-май күнү кечинде Дүйнөлүк банктын президенти Пол Вулфовиц кызматтан кете турганы жөнүндө жарыяланды. Банктын Деректирлер кеңеши маселени үч күн талкуулады жана акырында Вулфовиц кызматтан өз ыктыяры менен кетмей болду.
Мурда АКШ коргоо министринин орун басары болуп иштеген Пол Вулфовиц Дүйнөлүк банктын президенттигине 2005-жылдын башында келген. Ал аялы менен ажырашкан жана 2001-жылдан бери Шаха Али Риза деген аял менен чогуу жашаган, ал Банкта көптөн бери иштеген, бирок Вулфовиц анын башчысы болуп калгандан кийин, кызматтан кетиш керек болчу.

Ошондуктан Вулфовиц аны - Дүйнөлүк банктын АКШ Мамлекеттик катчылыгындагы өкүлү кылып дайындаган, бирок анын бир айлык маянасын 11 миң доллардан 16 миңге чейин көтөргөн жана Ризанын жаңы жетекчиси болуп калган Кондолиза Райстын айлыгы аныкынан 800 долларга кем болуп калган. Риза өзү Улуу Британиянын жараны, бирок теги Ливиядан жана Сауд Арабияда өскөн.

Анткен менен Риза Мамлекеттик катчылыкта бир жылга жакын гана иштеп, "Келечек фонду" деп аталган өкмөттүк эмес уюмга 2006-жылы кызматка өткөн, бирок Дүйнөлүк банктын жетекчилиги үстүбүздөгү жылдын башында атайын комиссия түзүп, Вулфовицтин кызмат эрежелерин бузганын иликтей баштаган.

Вулфовиц дароо кечирим сурап, маселе көптөн бери актуалдуулугун жоготкону жөнүндө жана мындан ары башка андай окуя болбой турганы тууралуу айтып, апрелдин ортосунда - кызматтан кетпей турганын билдирген. Аны АКШ президенти Жорж Буш дагы колдогон, бирок Банк жетекчилиги жана анын көптөгөн башка кызматкерлери Вулфовицтин кызматтан кетишин талап кылып, иликтөөнү уланткан.

Маскөөдө чыккан "Независимая газета" 16-апрелде басып чыккан редакциялык макалада Вулфовицке каршы аракеттер - ал Банктын өзүндө жана ага баш ийген башка финансы уюмдарындагы коррупцияга каршы өтө катуу күрөшө баштаганы менен байланыштуу деп жазган.

Ал эми лондондук эксперт Шейла Пейждин айтымында, Вулфовицтин - айрым чечимдерди башкалар менен көп макулдашпай кабыл алганы жана Банкка иштегенге сырттан көп адам алып келгени да жаккан эмес: "Менин оюмча, ага каршы Банктын ичинде оппозиция ылдам пайда болду, анткени ал - өзү менен мурда иштегендери Банкка алып келген, эч бир уюмда андайды жакшы көрүшпөйт. Андан тышкары ал - Банкта кабыл алынган эрежелерди карманган эмес сыяктуу", - дейт Пейж.

15-17-май күндөрү Банктын Деректирлер кеңеши үч күнгө уланган жыйын өткөрүп, акырында Вулфовицти кызматтан өз ыктыяры менен кетүүгө көндүрдү. Айрым кабарларга караганда, сүйлөшүү учурунда анын өзүнө жана Шаха Ризага бир топ орчундуу кенемте акча төлөнөөрү тууралуу да макулдашылды. Вулфовицтин кызматтан кетишине АКШ жетекчилиги макулдугун бергенден кийин 17-май күнү кечинде ал тууралуу расми жарыя жасалды.

Вулфовиц кызматтан 30-июнда кетмей болду, бирок 18-19-май күндөрү Алманиянын Потсдам шаарынын алдында өтө турган Эң өнүккөн сегиз мамлекеттин каржы министрлеринин жыйынына жана 6-9-июнда Алманиянын Хайлигендамм шаарында өтө турган ошол эле уюмдун бийик жолугушуусуна ал катышпайт.

Салт боюнча, Дүйнөлүк банктын жетекчиси дайым Америка кошмо штаттарынан, ал эми Эл аралык валюта корунун башчысы европалык мамлекеттер тарабынан дайыналат. Бирок Вулфовицтин ордун баса тургандардын арасында британ премьер-министри Тони Блэр дагы аталууда.