12:00 Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын командачысы Рэндэл Моузли Кыргызстанда

Генерал Моузли Коргоо министринин биринчи орун басары Борис Югай менен 17-майда жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык маселелери, 2008-жылдан баштап биргелешкен иш чараларды уюштуруу, аскер медицинасына көмөк көрсөтүү, жоокерлерди даярдоодо тажрыйба алмашуу пландары талкууланды. Рэндел Моузлинин Кыргызстандагы иш сапары 19-майда аяктайт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. (ZMa)