7:00 БШК Кемин округундагы 6 участкада кайра шайлоо дайындады

Кайра добуш берүү 27-майга белгиленди. Мындай чечим БШКнын кечээ кечке жуук аяктаган отурумунда кабыл алынды. Муну менен БШК Биринчи май райондук сотунун чечимин аткарды. Райондук сот аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн ат салышкан Эрик Арсалиевдин арызын 15-майда толугу менен канааттандырып, БШК чечимин жокко чыгарган. Ушул айдын башында БШК добуштар бурмаланганы аныкталганына негиздеп, Кемин округунда 29-апрелде өткөн шайлоону жараксыз деп тапкан болчу. Айрым укук коргоочулар менен көз карандысыз байкоочулар болсо соттун чечимин адилетсиздик жана шайлоочулардын укугун бузуу катары баалашкан. (SM)