БШК биринчи майда өз чечими аркылуу тараткан округдук шайлоо комиссиясы кайрадан участкалык шайлоо комиссияларын түзүүгө катышып жатат деп билдирди Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева. 1-май райондук соту Кемин шайлоо округунда көпчүлүк добуш алган талапкерлердин арыздарын карап, БШКнын чечимин жокко чыгарган. Борбордук шайлоо комиссиясы 29-апрелде Кеминде өткөн Жогорку Кеңешке депутатты шайлоонун жыйынтыгын мыйзамсыз деп жоккоч чыгарган. (BuS)