Улуттук телерадиокомпаниянын мурдагы вице-президенти, Бириккен фронттун мүчөсү Жылдыз Муслимованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, ага карата кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп коюлуп жаткан дооматта негиз жок, анткени, эсеп палатасынын мындан мурдагы эки ирет текшерүүсүндө тең бул тууралуу айтылган эмес. Ошондуктан, Муслимова өзүнө байланыштуу ички иштер министрлиги тергеп жаткан ишти Бириккен фронттун ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн деп болжоду. УТРК эсеп палатасынын текшерүү жыйынтыгынын негизинде, Муслимовадан телефон байланышына чыгымдалган 28 миң сомду жана телефон аппаратын өндүрүп берүүнү сурап ички иштер министрлигине кайрылган. (BuS)