17-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

1918-жылдын бу күнү Түркстанда ирригациялык ишти жандыруу боюнча РСФСР Элдик комиссарлар кеңешинин Декрети кабыл алынган. 1994-жылдын бу күнү стратегиялык изилдөө Борбору Кыргызстан тарыхы боюнча жаңы китептерди жазууга киришти.
Айтылуу саякатчы жана изилдөөчү Г. Грумм-Гржимайло 1909-жылдын бу күндөрү «Записки императорского Русского географического общества» журналына «Белакурая раса Средней Азии» аталган даңазалуу макаласын жарыялаган. Макалада автор байыркы энесайлык кыргыздар денеси ак, сары чачтуу болгондугун жана алар Тянь Шанга көчүп келүү менен бирге, жогоруда айтылган расалык белгилерин жоготушкандыгын белгилеген.

Түркстанда ирригациялык ишти жандыруу боюнча РСФСР Элдик комиссарлар кеңешинин Декрети 1918-жылдын бу күнү кабыл алынган. Декретке В. И. Ленин кол коюп, анда сугат ишин өнүктүрүү үчүн 50 млн рубль бөлүнүү маселеси каралат. Ошондой эле, анын алкагында Чүй жана Фергана өрөөнүнүн айрым райондорунда сугат системасын колго алуу жана дыйканчылыкты өнүктүрүү иш чаралары белгиленет.

Түркстан Республикасынын революциялык Комитети 1919-жылдын бу күнү Пишпек шаарына жана Пишпек уездинде болгон дүрбүлөрдү толугу менен аскер комиссариатына тапшырыгыла деген буйрук менен кайрылды.

Кыргыз АССРиндеги бүткүл ишкана жана мекеме жетекчилери 1928-жылдын бу күнү борбор шаарга «архивдик материалдарды өздөштүрүү үчүн» чакырылган. Алар архивдик документация деген эмне, аларды топтоо, ирээтке келтирүү сыяктуу иштерди үйрөнүшкөн.

Стратегиялык изилдөө Борбору 1994-жылдын бу күнү Кыргызстан тарыхы боюнча жаңы китептерди жазууга киришти. Долбоорду таанымал тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор Чынара Жакыпова жетектеп, ага коммунисттик идеологиядан арылган дүйнөлүк алдыңкы методологияга негизделген тарых китептерин жазуу милдети жүктөлгөн.


Айрым тарыхый маалыматтарга караганда 1155-жылдын бу күнү айааламды буй кылган Чынгыз хан жарык дүйнөгө келген.

Кыргыз калкынын таанымал талант ээси, белгилүү советтик балерина, кыргыз хореографиясынын түптөөчүлөрдүн бири, СССР Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиева 1926-жылдын 17-майында жарык дүйнөгө келген. Болочок артист Аламүдүн районундагы Таштөбө айлында жашаган дыйкан үйбүлөдө туулган. Ленинграддагы хореография окуу жайында 1936-1941-жж. билим алып, 1941-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында солист болуп эмгектенген. Талант дарамети кыска аралыкта бааланып, 1947-жылы ага Кыргыз ССРине эмгек сиңирген артисти, 1954-жылы республиканынын Эл артисти наамы ыйгарылды. Б. Бейшеналиева телегейи тегиз он балериналардын тобуна кошулат. Анын бийчилик өнөрү, тубаса көрктүү мүчөсү, бийик профессионалдуу маданият менен шайкеш коштолуп терең психологизм, айкын артисттик интеллектуализм назик таамай кыймыл менен ширетилген.

Бу күнү, 1928-жылы композитор, комузчу Сейдалы Медетов жарык дүйнөгө келген.