Үч күнгө созулчу сапар учурунда Мишель Дюбак айымдын өлкө президенти Курманбек Бакиев, премьер-министр Алмаз Атамбаев жана мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров менен жолугушуусу белгиленген. Мындан сырткары парламент депутаттары, саясий партиялардын, жарандык коомдун жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен да бир катар жолугушуулар болмокчу. (SM)