Владимир Исаков бүгүн премьер-министр Алмаз Атамбаев менен жолугушуп, тараптар эки өлкө ортосундагы аскерий кызматташтык маселелерин талкуулашмакчы. Коргоо министри Исмаил Исаков менен болчу жолугушууда орус армиясына Кыргызстандан кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай проудукцияларын жөнөтүп туруу боюнча келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө. Орусия коргоо министринин орун басары эки күндүк иш сапары менен Кыргызстанга кечээ түнү келген.(SM)