Америкалык окумуштуу аял Хале Эсфандиарини Ирандын чалгындоо министрлиги “мамлекеттин коопсуздугуна каршы аракеттенди” деп эсептейт. Иран бийликтери төрт ай бою Эсфандиари айымды ар кандай жүйөөлөр менен өлкөдөн чыгарбай, 8- майда Тегеранда камакка алган. Хале Эсфандиари камакка алынганын Ирак бийликтери беш күндөн кийин гана жараян кылган болчу. Маалыматтарга караганда, илимпоз- айым акыркы айларда Ирандан чыгарылбай камакка алынган Ирандык- америкалык үчүнчү жаран.
Ирандын чалгындоо кызматы Хале Эсфандиари айымды “мамлекеттин коопсуздугуна каршы аракеттенди” деп эсептейт жана азыр илимоз айымдын үстүнөн тергөө жүрүүдө. Бул жөнүндө Ирандын Адилет министрлиги 15- майда билдирди.
Ирандын мыйзамдары боюнча, “улуттун коопсуздугуна каршы аракеттенүү”- бул террорчулук, башка өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылуу, бийликке коркунуч туудуруу дегенди түшүндүрөт.
67- жаштагы Хале айым Ирандын жана АКШнын жараны. Ал кийинки жылдары Вашингтондогу Вудро Вильсон атындагы эларалык борбордун Жакынкы Чыгыш боюнча программасын жетектеп жүргөн.
Ырасмий Тегеран кош жарандуулукка уруксат бербегени менен, чет өлкөлөрдө жашаган ирандыктардын өлкө паспортун колдонуусуна көз жумуп келет.
Хале Исфандиари Иранга 93- жаштагы апасын көргөнү келген. Былтыр 30- декабрда АКШга учканы баратканда бетин чүмбөттөп алган куралчан үч эркек ал түшкөн машинени токтотуп, анын эки паспортун тең тартып алышат. Ошондон тарта Коопсуздук кызматы аны дембе- дем чакырып, суракка алат. Сурак негизинен Вильсон атындагы борбордун ишмердүүлүгү жөнүндө болот.
Хале айымды камакка алуу Иранда саясый оппозицияны, ошондой эле аял укук коргоочулар менен студент активисттерге каршы жапырык кызуу жүрүп, Тегеран- Вашингтон арасындагы мамиле осолдоп турган кезге дал келди.
Ырасмий Тегеран тышкы жоо саясый оппозицияны Иранда “баркыт ынкылабын” уюштуруу үчүн пайдаланууда деп санайт. 12- майда Ирандын өкмөттүк телеканалы да “Акүй жана АКШ бийликтери менен байланыштагы маалымат каражаттарын” Хале айымдын ишин Иранга психологиялык кысым жасоо үчүн пайдаланууда деп күнөөлөдү.
АКШнын Мамдепартаменти Эсфандиарини камакка алууну сындап, илимпоз Ирандын абагына салынган кезектеги ирандык- америкалык жаран болгонун билдирди.
Кээ бир серепчилердин баамында Иран жетекчилиги “баркыт ынкылаптан” коркуп, интеллектуалдарга, журналисттерге жана укук коргоочуларга катуу кысым көрсөтүүдө. АКШ өкмөтүнүн Иранда демократияны жайылтуу үчүн 75 миллион доллар бөлүүсү да буга шыкак берүүдө дешет серепчилер.