ООГАНСТАН: ТАЛИБДЕРДИН ТААНЫМАЛ КОЛБАШЧЫСЫ ЖОК КЫЛЫНДЫ

Ооганстанда Талибандын белгилүү кол башчысы жок кылынды. Аталган операцияны ишке ашырган НАТО уюму бул окуяны ооган согушкерлеринин олуттуу жоготууга учурашы катары баалады. Ал эми коопсуздук чөйрөсүнө адистешкен айрым аналитиктер жок кылынган талиб колбашчысынын ордун басчылар тез эле табыларын айтып жатышат.
40 жаштагы молдо Дадулла талибдердин канкорлугу менен таанымал колбашчысы деп эсептелчи. Маалыматтарга караганда, ал согушкерлик тажрыйбасы жагынан ардагерлердин катарына кирет. 90-жылдардын экинчи жарымында талибдердин катарында ал кездеги Түндүк альянска каршы күрөшкөн. 1995-жылы минага кабылып, бир бутун жоготкон бирок катардан чыккан эмес.

Кабулдук аналитик, кезинде Талибандын тышкы иштер министрлигинде иштеген Вахид Можда жок кылынган кол башчынын талибдер арасындагы орду тууралуу буларды айтат:

- Талибан режими кулагандан кийин (2001-жылдын соңу) талибдердин калдыктарын жыйнаган адам молдо Дадулла эле. Аларды бириктирип, Ооганстандын көп райондорун ээлеп алгыдай күчкө айландырды. Мындай адамдын жок кылынышы талибдерге таасир тийгизери айныксыз.

Аналитик Вахид Можданын пикиринде, бул окуядан согушкерлер ириде психологиялык сокку алды. Молдо Дадулланы алмаштыруу үчүн Талибандын башка колбашчылары арасында азыр ич ара күрөш башталган болушу мүмкүн.

Дадулла талибдердин качып жүргөн жолбашчысы молдо Омор, "ал-Каида" лидери Усама бин –Ладен менен тыгыз байланышта жүргөн. Усама бин-Ладен менен жеке алакасы бар экенин, андан буйрук алып турарын ал өзү ушул жылдын башында таратылган видеотасмада маалымдаган болчу.

Аскерий өкүлдөрдүн айтымында, бул кол башчы барымтага түшкөндөрдүн башы алынган учурлардын, Ооганстан түштүгүндө адам уурдоолордун, жанкечтилердин бир катар чабуулдарынын артында турган. Эми ал ушул ишембиде түштүктөгү Гильменд провинциясынын аймагында АКШ, Британия күчтөрү жана жергиликтүү аскерлер таратылган урушта жок кылынганы аныкталды. Ооган бийликтери буга чейин да аны жок кылдык деп бир нече ирээт ойлогон, бирок ар бир ушундай маалыматтан кийин молдо Дадулла Талибан Интернет аркылуу тараткан видеотасмаларда пайда боло калып жаткан эле. Бул ирээт Кандагардын губернатору Ассадулла Халид талиб колбашчысынын сөөгүн журналистерге көргөздү:

- Биз бул молдо Дадулла экенине ишенебиз. Операция өтө ишенимдүү маалыматка негизделген. Ал - башкесер. Көптөгөн оогандардын, биздин полициячылар менен жоокерлердин, башка бейкүнөө оогандар менен мусулмандардын башын алган.

Кандагардын губернаторунун көз карашында, молдо Дадулланын өлүмү -Талибан үчүн чоң жоготуу жана талибдерди алсыраткан окуя.

Ал эми коопсуздук чөйрөсүнө адистешкен айрым аналитиктер жок кылынган колбашчынын ордун басуучу согушкерлер тез эле табыларын белгилешүүдө.

- Молдо Дадулланын өлүмү союздаш күчтөр, Ооганстанда аракеттенген АКШ жана НАТО күчтөрү үчүн тактикалык жеңиш болгону менен жеринде көп деле өзгөрүүнү жаратпайт. Себеби Талибандын жетекчилиги соңку төрт –беш жылда чачырап кеткен. Жетекчилик азыр жергиликтүү, Батышка белгилүү эмес колбашчылардын колунда. Уруш уланып жатат жана молдо Дадулланын өлүмү менен эле Ооганстанда НАТО жана АКШ күчтөрү кептелген кыйынчылыктар жоюлбайт,-деди Лондондо чыгуучу "Jane's Defence Weekly" басылмасынын Түштүк Азия боюнча кабарчысы Рахул Беди.