ШАЙЛООГО БАРЧУ ПАРТИЯЛАРДЫ ЭЛЕКТЕН ӨТКӨРҮҮ КЕРЕКПИ?

Бир апталык тыныгуудан кийин кайра чогулган Кыргыз парламенти ишин бүгүн «Шайлоо кодексине» өзгөртүү, түзөтүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун талкуулоодон баштап, кошумча иштөө үчүн аны комитетке кайра кайтарды. Буга Жогорку Кеңешке шайлоого катышууну каалаган саясий партияларды алдын ала электен өткөрүү максатын көздөгөн демилге себеп болду.
Шайлоого катышууну каалаган саясий партияларды жыйырма миң кол топтоого милдеттендирген берене парламенттин бүгүнкү отурумунда негизги талашты жаратты. Долбоордун автору, депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, бул жобону камтыган 72-берене Кыргызстандагы саясий партияларды шайлоо алдында электен өткөрүү максатын көздөйт:

- Саясий партиялар Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн алдын ала жанагы президент 50 миң кол топтойт го, ошол сыяктуу элден колдоого ээ болуу пунктун киргиздик 20 миң деп. 20 миң кол топтогон саясий партияларга шайлоого катышууга болот.

Учурда Кыргызстанда 92 саясий партия бар. Азимбек Бекназаровдун түшүндүрмөсүнө караганда, долбоорго ылайык алардын ар бири Бишкек, Ош шаарынан жана облустардан 20 миң кол топтошу керек. Депутат Алманбет Матубраимовдун сунушунун негизинде долбоорго киргизилген бул жобого караманча каршы чыккандардын бири, депутат Дооронбек Садырбаев болду:

- Бакиевдин партиясынан башка бир дагы партия тийиштүү өлчөмдөгү добушту чогулта албайт. Ошон үчүн, урматтуу депутаттар, мына бу Азимбек Анаркуловичтин (Бекназаров) киргизип аткан сунушун колбооңуздарды суранам. Бул адам укугуна каршы багытталган иш болуп атат.

Депутаттардын дагы бир тобу саясий партиялардын шайлоо алдындагы кадыр баркын таразалоону эп көрүшүп, бирок, милдеттүү түрдө бардык региондордон кол топтоого каршы болушту. Алардын бири, депутат Каныбек Иманалиев тигил же бул аймактан милдеттүү кол топтоо тартиби регионалдык чатакка алып келе турган опурталдуу көрүнүш деп эсептеди:

- 20 миң кол топтоо дегенди калтыралы, кайсы гана регион болбосун. Анан дүйнөдө бир да өлкөдө жок да 45 округ болсо ошонун баарынан миңден добуш алып келсин деген. Мен Аламүдүндөн шайланып атсам, эмне үчүн Сүлүктүдөн миң добуш алып келишим керек? Бул абсурд да.

Депутат, комитет төрагасы Искак Масалиев булардан айырмаланып, кол топтоону толугу менен эркин жүргүзүү керек дейт. Депутат Темир Сариевдин оюнда 20 миң колдун 11 миңин эркин чогултууга мүмкүндүк берүү керек:

- Ар бир административдик-аймактык округдан миңден деп, ошондо тогуз болот экен, он бирин эркин кылыш керек.

Саясий партияларды электен өткөрүүнүн дагы бир жолун - ар бир облуска жана Бишкек, Ош шаарларына үч пайыздык чектен өтүү сунушун депутат Муратбек Жураев көтөрүп чыкты. Бул эки демилге тең бийлик ресурстарын пайданалууга жол ачып, партияларды тушап коет деп эсептеген депутаттар бул маселени кийинкиге калтыруу сунушун көтөрүп чыгышты. Муну айрымдары Конституциянын жаңыртылган долбоорун кароо алдыда тургандыгы менен түшүндүрсө, кээ бирлери 2010-жылга чейин убакыт бар экенин белгилешип, бул маселени шашпай талкуулоону сунуш кылышты.

Долбоордун автору Азимбек Бекназаров долбоор даярдалып жатканда саясий партиялар дагы, депутаттар дагы кош көңүл мамиле жасашканын белгилеп, бул Баш мыйзамдан кийинки эле башкы саясий мыйзам экендигин эскертти.

Төрага Марат Султановдун сунушунун негизинде саясий партиялардын Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу укук-милдеттерин аныктаган мыйзам долбоору кайрадан иштеп чыгууга авторго кайтарылды. Эми Азимбек Бекназаров баштаган депутаттык комиссия долбоорду жеткире иштеп чыгып, тиешелүү комитеттин бүтүмүнүн негизинде май айынын аягына чейин кайрадан парламенттин кароосуна алып келиши керек. Бул долбоордо саясий партиялардын башын кошкон блокторго, саясий партиялардын шайлоо фондуна, байланышкан бир катары талылуу маселелер да кайрадан каралат.