Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Арслан Малиев бүгүн билдирди. Анын айтымында, жол тоскондор Камеко менен түзүлгөн башкы келишимди кайра карап чыгууну, келишим кайра каралгандан кийин казылган алтынды бөлүштүрүүнү, Барскоон-Бишкек жолун оңдоону талап кылууда. «Кумтөр соодага айланып баратат. Ошондуктан парламент бул боюнча чечим кабыл алыш керек” деди Малиев. (AiT)