Өзбекстандын Анжиян шаарындагы кандуу окуяларга 2 жыл толду

ПРАГА. Бүгүн Өзбекстандын Анжиян шаарындагы кандуу окуяларга 2 жыл толду. 2005-жылы 13- майда өкмөттүк аскерлер Анжиян шаарында өткөн тынч демонстрацияны аткылаган. Укук коргоочулардын маалыматына караганда, анда миңден ашык киши курман болгон. Бирок Өзбекстандын бийликтери Анжиянда исламчылар куралдуу көтөрүлүш чыгарган, деп келатат. Эртең Еврошракеттин жетекчилиги Анжиян окуяларынан кийин Өзбекстанга каршы киргизилген санкциялардын келечегин талкуулайт. Сүргүндө жашап жаткан өзбек оппозициясы менен Анжиян качкындары санкцияларды күчүндө калтырууну талап кылып жатышат.