Бул тууралуу “Кыргызалтын” акционердик коомунун президенти Алмазбек Жакыпов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр алгач эксперттер деңгээлинде болмокчу. “Биз ошондой эле Кумтөргө байланыштуу маселеде Жогорку Кеңештин алтын комиссиясы, Орозбек Дүйшев жетектеген өлкөнүн тоо кен ассоциациясы менен биргеликте иш жүргүзүүгө аракет кылып жатабыз”, деп белгиледи Алмазбек Жакыпов. (AiT)