Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты. Каракол шаарындагы Карасаев атындагы Кыргыз-түрк лицейинин 11-классынын окуучусу Азат Сулаев 4-орунду ээлеп, ардак грамотасы менен сыйланды. Олимпиаданын уюштуруучуларынын айтымында, кыргызстандык окуучуга үчүнчү орунду ээлөө үчүн бир балл гана жетпей калган. Шанхайда өткөн олимпиадада дүйнөнүн 24 өлкөсүнөн мектеп окуучулары таймашкан. (ZMa)