Ооган парламенти качкындар иши боюнча министр Мухаммед Акбарга ишенбөөчүлүк жарыялады

Парламентарийлер аны менен бирге Тышкы иштер министри Ранжин Дадфар Спантаны дагы Ирандан миңден ашуун ооган качкындарынын чыгарылышы тууралуу иш боюнча жоопко тартууну талап кылышты. Мыйзам чыгаруучулар бул маселени 12-майдагы кезектеги отурумда карамай болду. Ооганстандын баш мыйзамына ылайык, Парламент министрлерге ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө укугу бар.