Кумтөр кенинин айланасында чатак кайрадан ырбады. Кенге жакын жайгашкан Жетиөгүз, Тоң районунун тургундары кайрадан жол тосуп, "Камеко" корпорациясына тиешелүү автоунааларды Кумтөргө өткөрбөй турушат. Ошол эле мезгилде кыргыз өкмөтү "Камеко" менен “Центеррадагы» Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүү максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы дайын. Жогорку Кенеште түзүлгөн парламенттик комиссия ушул кенди мамлекеттештирүү жөнүндөгү маселени кабыргасынан коюуда. Кумтөр алтын ишканасынын айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча "Азаттык» менен Кыргыз тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Орозбек Дүйшеев маектешти.
- Кумтөр кенине байланыштуу он күндөн бери Барскоондо нааразылык акциясы өтүп жатат. Мындай акциялар кимге кандай пайда берет деп ойлойсуз?
-Кумтөр кени жалпы кыргыз элинин байлыгы, келечектин энчиси. Ал жерде азырынча айтып атабыз 700-800 тонна алтын бар деп, келечекте Кумтөрдө дагы көптөгөн алтындар чыга турганы бизге көрүнүп турат. Бул кенди жаңы Камекого бергенде эле коррупцияга байланып калды деген биздин түшүнүгүбүз бар, биздин ишенич бар. Анткен себеби, бул Кумтөрдүн Камеконун колуна алып берүүнү Борис Бирштейн деген эл аралык аферист, Акаевдин эң жакын кеңешчиси уюштурган. Ошонун негизинде башкы келишим дагы туура эмес түзүлүп, ошонун эсебинен илгерки легендарлуу парламенттин тараганына да ошол үлүшүн кошкон. Ошондон бери эле талаш менен келатат. Кеңеш туура эмес түзүлгөнүнө байланыштуу, көзөмөлгө алынбагандыктан курулганда эле 176 млн. кымбатка түшкөн алгачкы сметага караганда. Эми ошол бардык карыздардан кутулуп, алтындын кымбаттап кеткенине байланыштуу бизге эми пайда түшөт деген убакта, 2003-жылдын 31-декабрында өкмөт башчысы жаңы токтомду чыгарып, ошого кол коюп койгон. Ошонун негизинде “Центерра голд” деген компанияга Кумтөрдү өткөрүп бергенбиз. Ал жөнүндө мурунтан эле билгенбиз. Ошол туура эмес экен деп өткөн чакырыктагы мыйзам чыгаруу жыйыны үч жолу токтом чыгарганбыз.
-Кумтөр менен келишим кайрадан каралганы жатат өкмөттүк комиссия тарабынан изилденип. Депутаттар болсо ушул кенди мамлекеттештирүү жөнүндөгү демилгесин мыйзамды биринчи окумунда кабыл алып, дагы демилгени көтөрүп атышат. Бирок мындай кадам чет элдик инвесторлорду такыр биздин кен тармагынан үркүтүп койбойбу?
-Абдан туура маселе койдуңар силер. Мамлекеттештирүү деген маселе бул өтө орой маселе. Адистердин ою боюнча, 2003-жылдын 31-декабрдагы токтомду жокко чыгарып, анан башкы келишимге бир топ өзгөртүүлөрдү киргизип койсок, ошону менен баары ордуна түшүп калмак. Биздин сунуш ушундай. Жогорку Кеңеште комиссия азыр абдан жакшы иштеп, көптөгөн материалдарды тапты. Кээ бирлер коркуп атышат, эгерде биз ошондой токтомду жокко чыгарсак дүйнөлүк сотко чыгып кетебиз деп. Бирок алар аны карабайт, анткени бул жерде коррупция бар. Коррупция бар нерсени чет элдик өлкө аралык соттор карабайт. Биз коркпой эле ошого барышыбыз керек.
- Мамлекеттин кендерди өз алдынча иштетүү үчүн жетиштүү каражат барбы?
- Эгерде мамлекетке биз алып койсок жетиштүү каражат жок. Ошондуктан мамлекетке алып коюуга болбойт. Мурунку эле башкы келишимдин негизинде иштесек 70 пайызы ансыз деле биздики. 2007-жылдан баштап башкы келишимде көрсөтүлгөн, башкаруу толугу менен биздин Кыргызстанга өтүшү керек. Азыр толугу менен биз башкарып кеткенге мүмкүнчүлүгүбүз бар, анткени адистерибиз жетиштүү. Бул ишкана эң рентабелдүү ишкана. Ошондуктан муну башкарып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Кыргыз элдине көп пайдасын тийгизет. Мен бир эле нерсени айтып кетейин, быйыл 14 тоннадай алтын беребиз. Алтын баасы дүйнөдө азыр ар бир граммы 20 доллардан ашып атат. Анын өздүк баасы 8-9 доллар. Ар бир граммдан эле 11-12 доллардан пайда алабыз. Ошонун 70 пайзы Кыргызстанга түшсө, бул абдан эле жетиштүү болот. Токтомду эле жокко чыгарып берсе, биздин мамлекетке өтүп калган болуп эсептелет.
-Маегиңизге чоң ырахмат.