Түрк парламенти кезектеги президенттик шайлоону расмий түрдө токтотту

Ошентип бул өлкөдө президент шайлоо 22-июлдан кийинкиге калтырылды.Буга дейре парламентте добуш берүүгө жетерлик кворум болбогон соң, тышкы иштер министри Абдулла Гүл президенттикке талапкерлигин алып салган эле. Оппозиция исламчыл президент шайланса, секулярдык Түркия исламдаштыруу жолуна түшөт деп кооптонуп, шайлоого бойкот жарыялаган.