7:00 Кыргызстанда баш калкалап турган өзбек качкындарынын айрымдары үчүнчү өлкөгө чыгарылды

Эки жыл мурдагы Анжиянан окуясынан улам мекенинен чыгып кетүүгө аргасыз болгон өзбек качкындарынын дагы экөөсү бүгүн түнү үй-бүлөсү менен Бишкектен Канадага сапар тартты. Бул тууралуу «Азаттыкка» качкындардын бири сапарга чыгар алдында билдирди. Буга дейре Бишкекте убактылуу баш калкалап турган бул өзбек качкындарына Канада баш паана берген. (SM)